Орхан Инанды Фетуллах Гүллендин уюмунун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө кыргыз паспортун мыйзамсыз жасап берген, ошондой эле башпаанек берген, деп жазды haberturk.com.
Жалпыга маалымдоо каражаттары маалымат булактарына таянып, О. Инанды 2001-жылдан баштап, жакынкы убакка чейин Кыргызстан үчүн жооптуу болсо, 2017-жылдан бери Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн жооптуу адамга айланганын жазып чыгышты.
«2021-жылы март айында Пенсильваниядагы (АКШ) Фетуллах Гүлленге барып, көрсөтмөлөрдү алган жана ошондой эле уюмдун топ-менеджерлери деп аталган Мустафа Озжан, Наци Тосун, Барбарос Кокакурт менен байланышкан», - деп жазат Haberturk.
Басылманын маалыматы боюнча, Инанды Кыргызстандын паспортторун Мустафа Озжанга жана Азия банкынын башкармалыгынын мурунку төрагасы Али Челикке да (Аli Celik) жасаган.
скачать dle 11.0фильмы бесплатно