• 11:03 – Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды 
  • 11:11 – Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты 
  • 11:04 – Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасы жиберилгенин айтты 
  • 10:45 – Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы 
  • 10:15 – УКМК: Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды 
  • 12:24 – Президент өлкө калкын Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады 
  • 12:21 – Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. 
  • 13:16 – Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдай көзөмөлгө алынды 
  • 12:02 – Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү 
  • 13:00 – Бажы кызматы 40 млн сомдук мыйзамсыз товарларды кармады 
  • 12:36 – Президент Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышты 

Садыр Жапаров Орхон Инанды боюнча комментарий берди

Садыр Жапаров Орхон Инанды боюнча комментарий берди
Садыр Жапаров Орхон Инанды боюнча комментарий берди

5-июль күнү Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Орхон Инандыны атайын топтор Кыргызстандан алып келип, түрк сотторуна өткөрүп бергенин жарыялады.

Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды.

— Садыр Нургожоевич, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан Орхан Инандынын Туркия тарабынан уурдалып кетишине байланыштуу кандай комментарий бересиз?

— Орхан Инанды дайынсыз жоголду деп массалык маалымат каражаттарына чыгаары менен мен дароо күч структураларынын жетекчилерин чогулткам. Бардык күчүңөрдү жумшап, тез арада тапкыла, чек араларды катуу карагыла деген буйрук бергем.

Ошол күнү Орхан Инанды жөнүндө толук маалымат алгам.

Көрсө, буга чейин эле 2016-жылдан бери үч жолу уурдап кетүү аракети болгон экен. Үчүнчүсү кыш айларында болуп, анда Камчыбек Ташиев сактап калыптыр. Тагыраагы, УКМКнын балдары сактап калышкан. Аны Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү да билет экен. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич жалгыз жүрбө, дайыма жан сакчы менен жүргүн деп эскерткен экен. Кенебестик кылып коюптур да..

— Эми эмне болот? Түркия тарапка доомат коёсуздарбы же жокпу?

— Албетте коёбуз. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырма бердим. Элчисин чакырып нааразычылык нотасын бер деп. Бугун тапшырды.

— Кандай жооп күтсөк болот? Кайтарып алып келүү мүмкүнбү?

— Эң негизгиси — аман-эсен экен. Өмүрү узун болсун. Кайтарып алып келүү боюнча маселе көтөрдүк. Бирок азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрдө Орхан Инанды силердин жаран эмес, биздин жаран, бизден жарандыктан чыккан эмес деген жообун берип атышат дешти. Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Орхон Инандынын жоголушу тууралуу Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан сураганын, ал Инанды боюнча маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча уккусу келбегенин айткан.скачать dle 11.0фильмы бесплатно
рейтинг: 
Оставить комментарий
  • Комментируют
  • Сегодня
  • Читаемое
Курс валют
Яндекс.Метрика