• 11:03 – Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды 
  • 11:11 – Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты 
  • 11:04 – Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасы жиберилгенин айтты 
  • 10:45 – Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы 
  • 10:15 – УКМК: Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды 
  • 12:24 – Президент өлкө калкын Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады 
  • 12:21 – Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. 
  • 13:16 – Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдай көзөмөлгө алынды 
  • 12:02 – Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү 
  • 13:00 – Бажы кызматы 40 млн сомдук мыйзамсыз товарларды кармады 
  • 12:36 – Президент Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышты 

Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы

Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы

 

Салык боюнча мамлекеттик кызмат эртеңден тарта "Чек талап кыл да, байге утуп ал" деп аталган лотерея оюнун баштаганын билдирди.
Аталган кызмат элди бул акцияга активдүү катышууга чакырууда.
"Лотерея оюнуна катышканыңыз — өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыз. Ал сизге баалуу буюмдарды утуп алууга мүмкүнчүлүк берет. Чек канчалык көп болсо, байге алууга мүмкүнчүлүк ошончолук жакшы болот", — деп айтылган маалыматта.
Бул акцияда iPhone, автоунаа жана башка баалуу буюмдар ойнотулмакчы. Ал эми башкы байгеге Бишкек шаарынан батир берилет.
Лотереяга катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
"Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп жана каттоодон өтүү;
Соода кылган же кызматтарды пайдаланган сайын ККМден касса чегин талап кылуу;
Мобилдик тиркемеге кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү керек.
"Чек талап кыл да, байге утуп ал" акциясы ишкерлерге кассалык көзөмөл тартибин камсыздоо, аларды ар бир соода кылган же кызмат көрсөткөн сайын касса чегин сөзсүз берүүгө көндүрүү максатын көздөйт. Түшүндүрмөдө акчаны нак же карточка менен төлөсө да чек берүү керектиги айтылган. ККМди мыйзамдуу колдонуп, чекти бергенде мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү арбын түшөт", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматынан.
Жарандар жыйнаган чектин сканерленген суммасы автоматтык түрдө акцияга катышууга мүмкүнчүлүк берген лотереялык уникалдуу номерлерге алмаштырылат. 1000 сомго уникалдуу бир ID номер берилет.
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
рейтинг: 
Оставить комментарий
  • Комментируют
  • Сегодня
  • Читаемое
Курс валют
Яндекс.Метрика