• 11:03 – Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды 
  • 11:11 – Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты 
  • 11:04 – Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасы жиберилгенин айтты 
  • 10:45 – Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы 
  • 10:15 – УКМК: Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды 
  • 12:24 – Президент өлкө калкын Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады 
  • 12:21 – Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. 
  • 13:16 – Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдай көзөмөлгө алынды 
  • 12:02 – Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү 
  • 13:00 – Бажы кызматы 40 млн сомдук мыйзамсыз товарларды кармады 
  • 12:36 – Президент Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышты 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

Жакында Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында аттракциондун отургучу сынып, эки адам жабыркаган. Кулап кеткен кыздын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми жигит сынык-жарат бөлүмүнө жеткирилген. Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик текшерүү жүргүзгөнү комиссия түзгөн. Аттракциондорду иштетүүчүлөр окуудан өтүшү, иштетүү инструкцияларынын так сакталышы талап кылынат.

 

Жалал-Абад. 16-апрель күнү "Жеңиш" паркында аттракциондон кулаган эки адам учурда ооруканада дарыланып жатат.

 

Аттракциондон жыгылганганда негизинен адам оор жаракат алат. Кыздын жаракаты оор, денесиндеги бир нече сөөгү сынган. Мээси чайкалып, канды көп жоготкон. Трамвалык шок алып, ыкчам жардам берүү борборуна келген. Ал эми жигиттин кашка жилиги сынып, трамвалык шок абалында болгон”,- деди Жалал-Абад облустук ооруканасынын сынык-жарат бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Тайланов.

 

Жабырлануучу 25 жаштагы Жумабай Назировдун бутуна 26-апрелде операция жасалган. Ал эми кызга этап менен он күн аралыгында операция жасалары айтылууда.

 

 “Аттракционго чыкканда эле бир күүлөндү. Андан кийин ширетилген жеринен ажырап, сынып кетти. Анан жыгылып кеттим. Ага чейинкилерин билем, андан кийин эсимди жоготуп койдум. Эми башкаларга айтарым, этият болуп чыккыла”,- дейт жабырлануучу Жумабай Назиров

 

Бул окуя Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине “кокустук” катары катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

 

Эс алуу багындагы аттракциондордун абалы боюнча жылына бир жолу шаар мэриясына маалымдашат. Учурда бул кырсык боюнча шаар бийлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына вице-мэрден тарта, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана тиешелүү адистер кирген.

 

Негизи биз аттракционду эмес, жерди ижарага беребиз. Эс алуучулардын  коопсуздугун жана аттракциондун техникалык жактан жарактуулугун аныктоо ижарачылардын милдети. Жазында бир жолу атайын бир мекемеден (ред.: Аттракциондордун абалын текшерүүчү мекеме) "аттракцион жарактуу" деп корутунду алып келгенден кийин иштетүүгө уруксат берилет. Азыркы учурда бул аттракционду иштетип жаткандар арыз менен кайрылган, бирок техникалык корутундунун жыйынтыгы келе элек болгон. Прокуратура тарабынан дагы бул боюнча тергөө иштери башталып калган. Анын жыйынтыгы менен мындан ары бул аттракционду иштетпөө чечимин кабыл алабыз деп турабыз. Мэриядан дагы комиссия түзүлдү. Кайра башынан кооптуу аттракциондорду текшерип чыгып, кооптуулугу аныкталаса, келишимди бузуп, ишин токтотобуз”,- дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрүкулов.

 

 

Буга чейин аттракциондон жабыркагандар

 

2019-жылы дал ушул “Токтогул” паркында аттракциондордун биринен 14 жаштагы кыз 7 метр бийиктен кулап кеткен

 

2020-жылы ушул эле “Токтогул” паркында 11 жаштагы бала “Молот Тора” деген аттракционго урунуп каза болгон. Бул факт каттоого алынган.

 

2021-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы аквапарктын суу түтүгү 18 жаштагы баланы соруп кеткен.

 

“Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагындагы аквапаркта суу соруучу 500 диаметрлик түтүкчөсү 18 жаштагы баланы соруп кеткен. Жерине төрт куткаруучу, бир экскаватор, милициянын 30 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүкчөнү кесип, анын сөөгүн алып чыгышты”, — деп айтылган ӨКМдин билдирүүсүндө.  

 

Жалал-Абад мэриясынын алдындагы түзүлгөн комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаты, журналист Уулкан Кожоева дагы кирген.
Ал комиссия аттракциондордун тийиштүү документтерин, укруксат кагаздарын текшерип чыгарын айтат. Ошондой эле, кырсыктардын алдын алуу үчүн коомчулуктун дагы жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилейт.

 

Аттракциондорду иштеткендер анын коопсуздугун биринчи кезекте камсыздоосу керек. Бирок, ошол эле учурда алардын жоопкерчилигин күчөтүүдө элдин, коомдун мамилеси керек. Мисалы, ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубузга, коопсуздугубузга кайдыгер болбошубуз зарыл. Барганда кандай отуруу керектигин сурап, бул аттракцион качан алып келгенин, коопсуздук жагынан көзөмөлгө алынган документерин сураганга ар бир жарандын укугу бар. Биздин угушубузча, Россия, Кытайдан иштөө мөөнөтү бүткөн аттракциондорду алып келип коюшат деген маалыматтар дагы бар. Эми бүт документтерди текшергенден кийин бир чечимге келебиз”,- дейт Уулкан Кожоева.

 

 

Парктагы ар бир аттракциондордо аны колдонуу инструкциясы жазылып, илинген. Аттракциондун операторлору эс алуучуларды көрсөтмөнүн негизинде тейлей турганын белгилешет. Алардын ичинде бул тармакта 13 жылдан бери иштеп жүргөндөр, операторлукту башкалардан үйрөнүп, жаңыдан иштегендер да бар.

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

 

Мараторий жарыяланып...

 

2016-жылы 2-августта "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин, өнөр-жайдын кооптуулугу жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, аттракциондор кооптуу өңдүрүштүн тизмесине киргизилген. Деген менен 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкердик субъекттерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынып, мараторий жарыяланган. Ал 2021-жылдын 1-январына чейин болчу. Бирок кийин дагы бир жылга узартылган.

 

Көзөмөлдөө-текшерүү кызматы тарабынан аттракциондор текшерилип турушу керек. Бирок, акыркы үч жылдан бери текшере алышпай, түшүндүрүү иштерин марттан тарта жүргүзүп келишет экен.

 

«Ишкердик субъектилер Экономика министрлиги менен макулдашылган иш пландын негизинде жолдомо берилип, текшерилет. Мараторийге байланыштуу үч жылдан бери аттракциондорду пландуу текшерүү жүргүзүлө элек. Бирок буга карабастан, биз Жалал-Абад шаарындагы жана облус аймагындагы аттракциондордун ээлерине билдирүүлөрдү берип жүрөбүз. Техникалык коопсуздукту сактоо, кырсыктардын алдын алуу максатында кабарлап коёбуз. Билдирүүдө кантип иштетүү керектиги жана башка керектүү маалыматтар камтылган. Пландуу текшерүү болгондо мөөнөт берип, акт түзмөкпүз. Андан соң контролдук текшерүүлөрдү жасап, чечим чыгармакпыз”, - деди КР Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын улук инспектору Ислам Умурзаков.

 

Аттракцион иштеткендер окуудан өтүшү зарыл

 

КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу тармактар аралык окуу борбору бар. Өлкө боюнча ушул окуу жай жана анын түштүктөгү филиалы гана иш алып барат. Мында кооптуу аймакта иштей турган кызматкерлерди окуудан өткөрүшөт. Анын катарында аттракцион иштеткендер дагы 15-18 күндүк окуудан өтүшөт.

 

Биздин окуу жайга мекеме же парктардагы жеке ишкерлер арыз менен кайрылып, окуп кетсе болот. Мындагы профиль "аттракциондордун оператору" деп аталып, техникалык коопсуздук жактары окутулат. Кандай иштөөнү, коопсуздук эрежелери тууралуу окутабыз. Азыркы учурда окуп жаткандар жок, бирок Жалал-Абаддан кайрылуулар эми түшүп жатат. Окутуу акылуу жүргүзүлүп, аяктаган соң күбөлүк беребиз. Окуган адам гана аттракциондорго же башка оор тармактагы иштерге кирише алат”, - дейт тармактар аралык окуу борборунун методисти Элиза Бабашева.

 

Бабашева мурун аттракциондорду мамлекеттик экология-техникалык коопсуздук кызматкерлери барып текшерип турушканын айтат. Бирок мараторий киргизилгенден кийин текшерилбей калды дейт.

 

Мараторий киргизилгендигине байланыштуу текшерүү жаатында кыйынчылыктар болуп келет. Аттракциондордо гана эмес, башка ишканаларда дагы күбөлүгү жок иштеп жаткандар бар”, - дейт Э.Бабашева.

 

ЕАЭБдин деңгээлиндеги регламент

 

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен 2016-жылдын 18-октябрында техникалык регламент кабыл алынган. Андан эки жыл өткөндөн кийин “Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндөгү” регламент Кыргызстанда күчүнө кирген.

 

Регламентке ылайык, колдонууга чыгарылган аттракциондор коопсуздуктун талаптарына жооп бериши керек.  Аттракциондор 3 формага ылайык баалануусу керек:

- шайкештиктигин тастыктоо;

- каттоо (каттоого туруу); 

- техникалык абалын баалоо (техникалык күбөлөндүрүү).

 

Техникалык регламент биринчи жолу ЕАЭБ аймагында жүгүртүүгө чыгарылган аттракциондорго тиешелүү. Тагыраагы, 2018-жылдан кийинки орнотулган оюн-зоок түзүмдөрүнө милдеттүү.

Деген менен бүгүнкү күндө, Кыргызстанда ЕАЭБ ТРнын “Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндөгү” талаптары боюнча сыноо лабораториялары жок.

 

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

 Аттракциондун тарыхы

 

«Аттракцион» сөзү француз тилинен алынган жана «тартуу, алаксытуу» дегенди билдирет. Биринчи парк Данияда 1583-жылы курулган жана бүгүнкү күнгө чейин бар.

 

Россияда биринчи аттракцион XVIII кылымда Санкт-Петербургда пайда болгон: атактуу орус инженери Андрей Нартов «механикалык дөбөнү» курган.

Америкада биринчи оюн-зоок парктары XIX кылымдын аягында троллейбустардын артынан пайда болгон. Калктын транспорттук активдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн дем алыш күндөрү троллейбус компаниялары чыгымга учураган. Компанияда акыркы аялдамаларда аттракциондор менен көңүл ачуучу зоналарды уюштуруу идеясы пайда болгон. Дем алыш күндөрү троллейбус ишканаларынын кирешеси кескин өскөн. Сейил бактарга келгендердин көптүгүнөн улам аттракциондор паркына кирүүчүлөрдөн акы алуу идеясы жаралган.

 

КЫРСЫК ТООРУГАН АТТРАКЦИОНДОР

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
рейтинг: 
Оставить комментарий
  • Комментируют
  • Сегодня
  • Читаемое
Курс валют
Яндекс.Метрика