• 11:03 – Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды 
  • 11:11 – Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты 
  • 11:04 – Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасы жиберилгенин айтты 
  • 10:45 – Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы 
  • 10:15 – УКМК: Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды 
  • 12:24 – Президент өлкө калкын Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады 
  • 12:21 – Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. 
  • 13:16 – Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдай көзөмөлгө алынды 
  • 12:02 – Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү 
  • 13:00 – Бажы кызматы 40 млн сомдук мыйзамсыз товарларды кармады 
  • 12:36 – Президент Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышты 

Канткенде жол кырсыктары азаят?

Канткенде жол кырсыктары азаят?

 

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары 21%га көбөйгөн. Бир жыл ичине эле 800дөн ашык адам каза таап, жабыркагандардын саны он миңден ашкан. Адистер кырсыктарды азайтуу үчүн айдоочулар жолдо жүрүү маданиятын сакташы керек дешет. Мындан улам, жол кырсыктарынын алдын алдын алуу жана болтурбоо чаралары иштелип чыккан. 

 

Бишкек. Эрте менен Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бара жаткан кызды унаа коюп кетип, ал ооруканага оор абалында жеткирилип, каза болгон. Маркум болгону 26 жашта эле.

Бул окуяга чейин эртең менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Opel Astra үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Subaru Foresterдин 27 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен да жол чырактын кызыл жарыгына токтобой жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Милициянын маалыматында айдоочу мас абалында болгон. 

 

Буга окшогон кырсыктар өлкө аймагында жылына миңдеп саналат. Анын көп учуру адам өлүмү менен коштолуп, жаракат алгандардын саны андан көп. Жалал-Абад облусунда жол кырсыктары боюнча көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы автокырсыктардын көп катталып жатканын себептерин түшүндүрдү.

 

«Жолдо жүргөндө ылдамдыкты ашырып айдагандан, карама-каршы тилкеге чыгып, андан дагы ылдам айдап кырсыкка кабылгандар көпАйдоочулар жолдо жүрүү маданиятын сактабагандыктан, эрежелерге баш ийбей, мас абалында жүрүүсү кырсыктын негизги себептери болуп калууда. Ал эми шаар ичинде акыркы учурларда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден алардын катышуусунда катталган кырсыктар көбөйүүдө», - дейт Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз катчысы Бекзат Жумабаев.

 

Статистика: Жалал-Абад облусу борюнча 2022-жылдын үч айында 117 жол кырсыгы катталып, 20 адам каза таап, 198 адамдын денесине түрдүү зыян келген. Ал эми 2021-жылдын алгачкы кварталында 116 автокырсык катталып, 21 адам каза болуп, 191 адам жарат алган.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан автокырсыктардын келип чыгуу себебинин 14 түрү катталат. Бул категорияга ылдамдыкты ашыра айдоо, айдоочу телефон менен сүйлөшүп бараткандагы катталган кырсыктар киргизилген. Көрсөткүчтүн сап башында ылдамдыкты ашырып айдап, кырсыкка кабылгандар турат.

 

 

 

Канткенде жол кырсыктары азаят?

 

 Айдоочулар арасынан дагы талапты билип туруп, эрежеге баш ийбегендери бар. Өкүнүчтүүсү алар адам өмүрүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасабай жатышат дейт Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын ардагери Бактыбек Жумуков.

 

“Учурда ЖККК тарабынан өлкө боюнча автомектептерде сурамжылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Аларга таянсак, окутуунун сапаты төмөн, айдоочулар толук кандуу билим алышкан эмес. Сурап келгенде жол белгилерин билбейт, так жооп бере албайт. Анан кантип ошол айдоочу экзаменден өтүп, айдоочулук күбөлүк алат? Кайсыл жол менен алганы баарына белгилүү да. Ошондуктан автомектептердеги билим сапатын жакшыртып, көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Керек болсо сабактарды онлайн кылып, окуучуларды текшерүү керек. Кырсыктардын алдын алуу үчүн комплекстүү иш алып барганда гана азаймак”, - деди Бактыбек Жумуков.

 

Жумуковдун айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар аткарылып, коомчулук жапа тырмак кырсыктын санын азайтууга киришиши абзел. Бир эле жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге таянуу болбойт деп кошумчалайт.

 

"Айдоочулук маданиятты күчөтүү зарыл. Ар бир айдоочу бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылышы керек. Азыр айрыкча жаш айдоочулар тарабынан эреже бузуулар көп катталып жатат. Мен кыйынмын деген позицияга туруп алган айдоочулар ылдамдыкты ашырып же карама-каршы тилкеге чыгып кетет. Айрым айдоочулар кызматкерлерге орой мамиле жасап, эрежеге баш ийбей кеткендери бар. Аларга чара көрүп, мыйзамдын талабын аткарышы жана ага баш ийиш керек деген сезимин ойготуш керек. Кызматкерлер айыппул салып, анын тууму менен көп суммада төлөгөн айдоочу эрежени сактай баштайт. Бирок бул дагы убактылуу эле таасир берет.  Ошондуктан мамлекет тарабынан бир механизм иштелип чыгышы керек”, - деди Бактыбек Жумуков.

 

Республикалык статистика:

 

Канткенде жол кырсыктары азаят?

 

 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган. Жарлык былтыркы жылы 7-декабрда чыккан. Анын негизинде ЖКККББ тарабынан атайын иш-мерчемдери бекитилген. Ага ылайык, өлкө аймагындагы автомектептер лицензиялык талаптарга ылайык текшерүүдөн өтүүдө.

 

Кырсыктын алдын алуучу “жаңы” механизм

 

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусу боюнча 48 жерге камера орнотулат. Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абаддагы участкасына 30, Жалал-Абад-Казарман жолунда 6 жерге көзөмөл аппараттары коюлууда. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы 12 көчөнүн кесилиштерине камералар орнотулду. Учурда ага кошумча тийиштүү жол белгилери коюлуп, эми жол чийиндилери сызылмакчы. Долбоор качан ишке кирери азырынча белгисиз.

 

 

Камераларды орнотуу иштери Кытай Эл Республикасынын компаниясы аркылуу жүргүзүлүп жатат.  Алар менен сүйлөшкөнүбүздө бардык тийиштүү аппараттар орнотулуп бүткөндөн кийин, Ички иштер министрлиги, Республикалык ЖКККББ менен тесттик режимде сынарын маалымдашты. Ал режим балким бир жумага же эки-үч күндө бүтүшү мүмкүн. Андан соң ишке киргизилмекчи, - деди Жалал-Абад шаардык мэриясынын Курулуш, коммуникациялар жана транспорт боюнча башкы адис Миргул Эгемова.

 

* ЖКККББ - Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгы

 

Адистер долбоор ишке кирсе, жолдо жүрүү коопсуздугу сакталып, жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызматкерлердин иши жеңилдей турганын билдирген. Себеби облус аймагында 111 кызматкер жол коопсуздугун көзөмөлдөйт.

 

2019-жылы “Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте алгачкы жолу ишке кирген.

Быйыл “Коопсуз шаардын” экинчи этабы Кыргызстан боюнча ишке ашып жатат. Анда өлкө аймагында 306 камераны коюу пландалууда. Анын 40 даанасы аппараттык программалык комплекси. Тагыраагы көчмө үч буттуу аппараттар болуп саналат. Калган 266сы стационардык түрдө коюлат.

 

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айланасында жалпысынан 110 көзөмөлдөөчү аппарат иштеп жатат. Булар 2019-жылы жол кырсыктары көп катталган аймактарда коюлган. Камера орнотулган күндөн тарта адам өмүрүн алган жол кырсыктары кескин түрдө азайган. Ал эми ошол жерде катталган жол кырсыктары 75%га чейин төмөндөп, жол эрежелерин бузуу фактыларынын көркөткүчү төмөндөгөн», - дейт Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев.

 

 

Канткенде жол кырсыктары азаят?

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
рейтинг: 
Оставить комментарий
  • Комментируют
  • Сегодня
  • Читаемое
Курс валют
Яндекс.Метрика