• 11:03 – Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды 
  • 11:11 – Бишкектеги №47 абакта өрт чыкты 
  • 11:04 – Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасы жиберилгенин айтты 
  • 10:45 – Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы 
  • 10:15 – УКМК: Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды 
  • 12:24 – Президент өлкө калкын Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады 
  • 12:21 – Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. 
  • 13:16 – Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдай көзөмөлгө алынды 
  • 12:02 – Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү 
  • 13:00 – Бажы кызматы 40 млн сомдук мыйзамсыз товарларды кармады 
  • 12:36 – Президент Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышты 

Кыргызстандыктар "Танк биатлонунда" Тажикстан аскерлерин утуп алды

Кыргызстандыктар "Танк биатлонунда" Тажикстан аскерлерин утуп алды

Кыргызстандын аскер кызматкерлери "Танк биатлону — 2021" жарышынын жарым финалдык эстафетасында Тажикстанды утуп алды. Бул тууралуу tvzvezda.ru сайты жазды.

Жарыш Россиянын Подмосковье аймагындагы "Алабино" полигонунда болуп жатат.

Курама командалар мелдештин экинчи дивизионунда ат салышууда.

Кыргызстандын аскер кызматкерлери 24 бутанын бешөөнө тийген. Ал эми тажикстандыктар бир да жолу тийгизе алышкан эмес.

Кыргызстандын курама командасы эстафетаны жалпысынан 2 саат 23 мүнөттө жыйынтыктаган. Ал эми атаандаш команда 15 мүнөткө артта калган.
Дивизиондун жарым финалдык баскычында Кыргызстан, Лаос, Мьянма, Тажикстан жана Түндүк Осетия командалары ат салышууда. Жарым финалдык бөлүк 1-сентябрда жыйынтыкталат.

Эске салсак, эстафетанын финалдык баскычына дивизиондогу беш команданын төртөө чыгат.

"Танк биатлону" жарышынын экинчи дивизиондогу командаларынын финалы 3-сентябрда болот.

Кыргызстан мындай жетишкендиктери менен жарыштагы биринчи дивизионго көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Былтыр сегизинчи орунду ээлеп, экинчи дивизионго түшүп калган эле.скачать dle 11.0фильмы бесплатно
рейтинг: 
Оставить комментарий
  • Комментируют
  • Сегодня
  • Читаемое
Курс валют
Яндекс.Метрика